При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Жогорку Кеңешке депутат болуудан А.Кутушев дагы баш тартты

Turmush -  КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуудан Абдыманап Кутушев дагы баш тартты. Ал тизмеде №51 номурда жазылган.

Буга чейин №50 катардагы Икрамжан Илмиянов КСДПдан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуу тууралуу арыз жазган. Партиянын тизмесинде №52 болуп Аида Касымалиева жазылган.

АК

Парламентте 17-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаевдин орду бош.

10-мартта А.Кутушев Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси кызматынан өз каалоосу бошотулган.

Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети 7-мартта төрагадан А.Кутушевди кызматынан бошотууну суранган. Аппарат жетекчинин чет өлкөлөргө бир нече жолу жасаган иш сапарлары буга себеп болгон. Ал эми, А.Кутушев иш сапарлар парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатын көздөгөнүн айткан.

А.Кутушев Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДП партиясынан депутат болгон. ЖКнын Аппарат жетекчиси болуп 2016-жылдын майында дайындалган. Ага чейин КСДП фракциясынын катчылыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1041
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×