При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.3    79.59    1.15    KZT 0.21

Фото - Бишкек–Ош жолунда «Жунда» заводунун унаасы оодарылып, 30 тонна мазут төгүлдү

Turmush -  Бишкек–Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарындагы 408-чакырымында 30 тонна мазут жүктөгөн унаа оодарылып кетти. Шаардык өрт куткаруу бөлүмүнүн башчысы Рысбек Кадыров аймактык кабарчыга билдиргендей, авария кечээ, 19-мартта саат 11:05 чамасында шаардагы чукул бурулушта болгон. Бактыга жараша адамдар жабыр тарткан жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, оодарылган унаа Кара-Балта шаарындагы «Жунда» заводуна таандык. Унаа кулаганда болжол менен 30 тонна мазут төгүлүп, жерге сиңип калган. Жаратылышка зыян келтирилген жок.

Жол кырсыгы болгон жерден мазут ташыган унаанын айдоочусу табылган эмес. Шаардык Патрулдук милиция кызматы айдоочунун аты-жөнүн тактоо, издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1155
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу