При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Кеминдик мугалим Б.Абдыразакова спектаклдерди уюштуруп, ыр жазат (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Чым-Коргон орто мектебинде 27 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Бактыгүл Абдразакова мектептеги спектаклдерди уюштуруп, ыр да жазат. Аймактык кабарчы чыгармачыл мугалим менен таанышып келди.

Өзүнүн айтымында, 1968-жылы Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында төрөлгөн.

1

«Нарын педагогикалык окуу жайын аяктагам. Кийинчерээк кыргыз билим берүү академиясынын кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөм.

Ыр жазган атайын дептеримди жыйнак кылып чыгарсам деп жүрөм. Өзгөчө Алыкулдун ырлары жүрөгүмө жакын. Акындын ырларын жогору баалайм. Ошондой эле драматургияга да абдан кызыгам», - деди чыгармачыл мугалим.

Каарманыбыз «Биринчи мугалим» сынагынан 2-орунду ээлеген. Кемин райондук билим берүү администрациясы тарабынан ардак грамоталар, бир катар сыйлыктар менен сыйланган.

Учурда Бактыгүл Абдразакова 4 баланын, 3 неберенин апасы.

Алыкулга

Алкынтып ак боз атчан 30 жашын,

Алыкул ыр тоолордон өткөн экен.

Адашып өмүр деген ашуулардан,

Ал жылдыз ыр башына жетээр кезде,

Алпурушуп айыкпас дарт кучагынан,

Аттиң ай, бир жалп этип өчкөн экен.

Өчпөйт ал жарык жылдыз жанып турган,

Өмүрүн поэзияга кылып курман.

Өчүрбөй анын ысымын карт тарыхтан,

Өрт болуп, окурманы окуй турган.

Өзүңдөй тирүү бойдон кала бермек,

Өмүрүм да сүйүп, жаттап ырларыңды

Өлбөс-өчпөс атынды сактап келмек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×