При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-март

Нарындын РТС чөлкөмүндөгү үйлөрдү суу каптап жатат (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү турак үйлөрдү кардан эриген суулар каптап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Сүйүнбек Абдрачалов билдирди. Анын айтымында, РТС чөлкөмүндөгү Береке көчөсүндөгү турак үйлөрдүн ичине чейин тоодон түшкөн суунун агындылары кирген.

«Биз жакта жер бөлүштүрүүдө кемчиликтер болуп, туура эмес бөлүштүрүлүптүр. Анын кесепетинен көчө дагы туура эмес чийилип, эки метрге кичирейип калган. Андан улам көчөгө арык казылбай калды. Буга чейин агын сууларды көчөдөгү бош турган жерлерге кетирип турчубуз. Ал жерлер турак жай курууга берилгенине байланыштуу агын сууларды чакалап ар кайсы жерге ташып жатабыз. Учурда 4 турак үйдү суу каптап, жашоочулар улам тазалап жатышат», - деди С.Абдрачалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 362
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×