Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Сөз эркиндигин колдогон тынчтык марштын катышуучулары 5 суткага камалды

Turmush -  Бишкек шаарындагы сөз эркиндигин колдогон тынчтык маршынын 5 катышуучусу 5 суткага камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта «Демократ» партиясы маалымдады.

Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.

Кечээ, 18-мартта Бишкекте сөз эркиндигин колдогон тынчтык марштын беш катышуучусу камакка алынганын Бишкек ШИИБ билдирген.

«Саат 10:00 чамасында Чыңгыз Айтматов жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде сөз эркиндигин сактоону талап кылган адамдардын тобу чогулган. Маршка чогулгандар Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен түндүк тарапты көздөй жөө басышкан. Ж.Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишкен жерге жеткенде милиция кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө карабастан коомдук тартипти бузуп, унаалардын каттамына тоскоолдук жаратышты», - деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө.
Камалгандарга коомдук тартипти бузганы үчүн Административдик кодекстеги 231-1-берене жана 371-364-беренелер боюнча айып тагылды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 916
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу