При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-апрель

Республикада биринчи жолу Камышановка айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү мобилдик тиркемеде жарыяланды

Turmush -  Республика боюнча биринчи жолу Сокулуктагы Камышановка айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү мобилдик тиркеме аркылуу жарыяланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Манас Мураталиев билдирди.

«Айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүн элге тез жана жеткиликтүү чагылдыруу үчүн мобилдик тиркеме чыгаруу керектигин 2016-жылы февраль айында пландагам. Мындай идеяга айыл өкмөт отчет тапшырганда эл чогулбай, болгону 15 адам келгени себеп болгон. Эми уюлдук телефондогу тиркеме аркылуу бардык жашоочулар кенен маалымат алса болот», - деди М.Мураталиев. 

Анын айтуусунда, мобилдик тиркемени ишке киргизүү үчүн БУУ аркылуу сынак жарыяланып, Камышановка айыл өкмөтү утуп чыккан. Андан жалпы 150 миң сом бөлүнгөн.

Ошондой эле, мобилдик тиркемени ишке киргизүүгө Ак-Башат айыл өкмөтү даярдык көрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 485
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.

Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×