При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-март

Тоң районундагы авариядан бир адам каза болуп, үчөө оор жаракат алды

Turmush -  Тоң районундагы Көк-Сай менен Тогуз-Булак айылдарынын ортосундагы унаа жолдо жол транспорт кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, кечээ, 18-мартта түштөн кийин «Фольксваген» үлгүсүндөгү унаа Жети-Өгүздөн Тоң районуна бара жаткан жолдон башкаруусун жоготкон.

Айрым маалыматтар боюнча, айдоочу чукул бурулушту байкабай калып, унаа жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги 4 адамдын бири кырсык болгон жерде көз жумуп, үчөө оор жаракат алган. Жабырлануучулар Бөкөнбаев айылындагы райондук ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 269
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×