Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болуучу талапкерлер — А.Кутушев жана А.Касымалиева

Turmush -  КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуудан баш тарткан Икрамжан Илмияновдон кийинки катарда Абдыманап Кутушев турат.

Депутаттыкка талапкерликтен №50 катардагы И.Илмиянов баш тартканы бүгүн белгилүү болду. Парламентте кечээ, 17-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаевдин орду бош.

Маалым болгондой, КСДП партиясынын №51 катарында Абдыманап Кутушев, №52 катарда Аида Касымалиева турат.

АК

10-мартта А.Кутушев Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси кызматынан өз каалоосу бошотулган.

Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети 7-мартта төрагадан А.Кутушевди кызматынан бошотууну суранган. Аппарат жетекчинин чет өлкөлөргө бир нече жолу жасаган иш сапарлары буга себеп болгон. Ал эми, А.Кутушев иш сапарлар парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатын көздөгөнүн айткан.

А.Кутушев Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДП партиясынан депутат болгон. ЖКнын Аппарат жетекчиси болуп 2016-жылдын майында дайындалган. Ага чейин КСДП фракциясынын катчылыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1529
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу