При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-май
67.86    76.32    1.2    KZT 0.22

Жаш талант: Ошто өтүп жаткан ыр-бий сынагындагы катышуучулардын эң кичүүсү Нуртилек 7 жашта (видео)

Turmush -  Ош шаарында өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» ыр-бий сынагынын эң жаш катышуучусу Нуртилек Ырыскулов болду. Ал сынакта «Кыздар ай» чыгармасын аткарды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтка айланган сынакка Ош облусундагы 7 райондон тандалган таланттуу жеткинчектер катышат. Жеңүүчүлөр республикалык турга жолдомо ала турганын Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун эстетика бөлүмүнүн башчысы Диларам Нуралиева билдирди. Анын айтымында, учурда 60тан ашуун ырчы, бийчилер күч сынашып жатат.

«Бул сынак "Балажан" эстетикалык республикалык борбору тарабынан уюштурулууда. Сынак катышуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 3 баскычта: 7 жаштан 11 жашка чейин, 12-14 жаш жана 15-18 жаштагылар арасында өтөт», - деди Д.Нуралиева.

Бул жолку сынактын эң жаш катышуучу Нуртилек Ырыскулов Кара-Кулжа районунан келген.

7

Апасы Рахат Ырыскулованын айтымында, Нуртилек бала бакчада эле ырдап баштаган. «Менин 4 балам бар. Нуртилек кичүү уулум. Үйдө барыбыз ырга жакынбыз. Аккордеон, комузда ойноп, ырдап калабыз. Уулум бала бакчага баргандан баштап аккордеондун коштоосунда ырдаганды үйрөнүп калды. Азыр 7 жашта, 1-класста окуйт. "Аккордеон алып бериңиз" деп күндө айтат. Учурда Р.Абдыкадыровдун "Туулган жер" деген ырын да ырдап жүрөт», - деди Р.Ырыскулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×