Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Кара-Көлдө «Жылдын мыкты мугалими» тандалып жатат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында «Жылдын мыкты мугалими-2017» сынагынын шаардык туру өтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Шаардагы мектептерден 6 мугалим сынакка катышууга жолдомо алган.

Катышуучулар:

1. №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиядан Калпакбаев Мирлан;

2. №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинен Өмүрзак кызы Нурзада;

3. №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинен Нурдунбекова Акмарал;

4. №4 Д.Шопоков атындагы орто мектебинен Кудайбергенова Бегимай;

5. №5 К.Хуриев атындагы орто мектептен Үмөталиева Бурмакан;

6. №6 Т.Темиров атындагы орто мектептен Арапбаев Азиза.

Сынактын биринчи этабында катышуучулар сабак өтүүдө коюлуучу критерийлердин шарттары, заманбап технологияны жана усулдарды колдоно билүүсү, сүйлөө маданияты, сабаттуулугу, педагогикалык чеберчилиги, убакытты туура пайдалануусу, креативдүүлүк, компетенттүүлүктү калыптандыруу багытындагы иши боюнча биринчиликке ат салышты. Бүгүн, 18-мартта сынактын экинчи этабында катышуучулар «Мен мугалиммин» методикалык портфолиосун тааныштырып, педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча слайд көрсөтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1073
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу