При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Фото - Массалык ишембиликте Ош шаарынын аймагы тазаланды

Turmush -  Бүгүн, 18-мартта Ош шаарынын жашоочулары массалык ишембиликке чыгышты. Ага шаар жетекчилери, мэриянын аппаратынын, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Мэрия маалымдагандай, ишембиликте катышуучулар шаардагы сейил бактарды, мекеме-ишканалардын айланасын жана арыктарды тазалашты.

1-марттан тартып Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен шаарда көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалоо боюнча үч айлык жарыяланган. Үч айлыктын алкагында Сулайман-Тоонун айланасын, Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, ар түрдүү гүлдөр өстүрүлүп, бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 552
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×