При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Караколдуктар согушта көз жумган фантаст жазуучу К.Эсенкожоевди эскеришти (фото)

Turmush -  Каракол шаарында фантаст жазуучу, акын, котормочу жана Ата Мекендик согуштун катышуучусу Кусейин Эсенкожоевди эскерүү кечеси өттү. Иш-чаранын катышуучулары К.Эсенжоевдин ысымы берилген балдар жана өспүрүмдөр китепканасында чогулушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кеченин алкагында жазуучунун өмүр баяны жөнүндө тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле, окуучулар жазуучунун чыгармаларын сахналаштырып аткарып, ырларын окушту.

Кусеин Эсенкожоев — балдарга арналган бир катар фантастикалык чыгармалардын жана котормолордун автору. Эң биринчи аңгемелерин Казанда жарыялаган. 1920-жылы азыркы Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылында төрөлгөн жазуучу Улуу Ата Мекендик согушка офицердик наам алганда жөнөтүлгөн.

Жазуучу 1941-жылдын март айында Москва шаарынын алдындагы катуу салгылашта көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 624
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу