Turmush - Токмок шаарындагы Республикалык маданият колледжинде Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чараны студенттер менен окуу жайдын жамааты миңдеген жылдар бою эл арасында сакталган каада-салттарды даңазалоо максатында уюштурушкан.
Окуу жайдын социалдык-маданий ишмердүүлүк фольклор бөлүмүн башчысы Н.Бейшеналиева башында турган чыгармачыл топ майрамдык концерт тартуулашты.