При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-март

Жалал-Абаддагы өкүлчүлүктүн аппарат кызматкерлери ишембиликке чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Таң эрте чогулган кызматкерлер бак-дарактарды актап, башкы имараттын айлана-тегерегин таштандылардан тазалашты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, облустун аймагын тазалоо жана көрктөндүрүү максатында 3 айлык жарыяланган. Анын алкагында жолдун жээктерине бак-дактардын көчөттөрү отургузулат.

Өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, ишембиликтер облустун бардык аймактарында жүрүп жатат. «Бүгүн облустук мамлекеттик администрациянын жалпы кызматкерлери атайын ишембилик өткөрүп жатабыз. Мамлекеттик кызматкерлер өздөрү иштеп жаткан имараттын айлана-тегерегин талаптагыдай тазалап, иретке келтирүү максаттарын коюшкан. Бул багыттагы иш-аракеттер облустун аймагындагы бардык район-шаарларда, айыл аймактар менен мекеме-уюмдарда жана жогорку окуу жайлар менен мектептерде дагы жүргүзүлүп жатат», - деди М.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 252
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×