Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Ноорузга карата нарындыктарга кыргыз тасмалары көрсөтүлөт

Turmush -  Нарын шаарында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу азем 21-мартта саат 10:00дө борбордук Турдакун Усубалиев атындагы аянтта башталат. Майрамдын жүрүшүндө театрлаштырылган оюн-зооктор, концерттик номурлар тартууланып, улуттук тамак-аштардын жармаңкеси уюштурулат. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Программа боюнча саат 12:00дө «Ала-Тоо» спорт майданында мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жашоочулар арасында ордо, аркан тартыш, кол күрөш, чоюн көтөрүү боюнча спорттук мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр сыйланат. Ошондой эле, Нарын шаарынын «Жаштар ордосунда» шаар тургундары үчүн саат 14:00дөн баштап кыргыз тасмалары көрсөтүлөт.

Майрамдык иш-чаранын кечки бөлүгү саат 18:00дө борбордук аянтта жаштардын дискотекасы менен улантылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2240
Көп окулду
×