Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баракелде

Бишкектеги Жеңиш багында сөз эркиндигин колдогон тынчтык маршы өтүп жатат (видео)

Turmush -  Бүгүн, 18-мартта Бишкектеги Жеңиш багында сөз эркиндигин колдогон тынчтык маршы башталды. Маршты керней үйлөгөн музыканттар ачышты.

Паркка жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана укук оргоо органдарынын өкүлдөрүнөн 40ка жакын адам чогулду. Алардын арасында БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова, укук коргоочулар Рита Карасартова, Эдиль Байсалов жаша башкалар бар.

Саат 10:20га карата маршчыларга бир нече адам кошулду. Кийинчерээк Мавлян Аскарбеков, Адиль Турдукулов жана Динара Ошурахунова келди.

Сөз алган Э.Байсалов чогулгандарды тааныштарына коңгуроо кылып, маршка катышууга чакырууга үндөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2981
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 3 адам окуп жатат)
×