Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Талас

Кара-Буурада үйүр жылкы уурдагандар кармалды

Turmush -  Кара-Буурада ички иштер органдарынын кызматкерлери үйүрү менен уурдалган жылкыларды ээсине кайтарып беришти. Бүгүн, 18-мартта Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлерине кайрылган жергиликтүү тургун 14-мартта белгисиз адамдар 13 баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген. Жылкылар жоголгонго чейин сарайдан алыс эмес жерде болгон.

Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Талас шаарынын тургундары: 40 жаштагы Н.К. жана 38 жаштагы К.Г. шектүү катары кармалды. Кара-Буура РИИБ КРнын Кылыш-жаза кодексиндеги 165-берене (мал уурдоо) менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөр камакка алынды.

Бир күндө дайынсыз жоголгон 13 баш жылкы ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1631
×