Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Ачык кургак учук менен ооруган мугалим иштеген Таластагы мектептин окуучулары таза болуп чыкты, - райондук билим берүү бөлүмү

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында кургак учуктун ачык түрү менен ооруган мугалим 19 күн иштеген Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектептен 231 балага эмдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Надира Сманова билдирди.

Анын айтымында, оору боюнча күмөн пайда болгондо алгач 225 балага манту (эмдөө) жасалып, 3 баладан шектүү делинген жыйынтык чыгарылып, алар рентгенографияга жөнөтүлгөн. Ал жерден 3 окуучу тең таза чыккан. Андан кийин 223 окуучу текшерилип, 8 окуучуга шек жаралып, бирок бардыгы таза чыккан. Андан кийин 231 балага эмдөө жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынан шек жараткан учур каттала элек. 12 жаштан жогору болгон 201 окуучу рентген менен текшерилген. 55 мугалим жана 23 техникалык персонал рентгенден өтүп, бары таза чыкты.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин мугалими кургак учук оорусунун ачык түрү менен ооруганына карабай, мектепте 19 күн иштегени боюнча чатак чыккан.

Ата-энелердин айтымында, кургак учук менен ооруган мугалим мектеп директорунун жолдошу болгон.

Райондогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгери Азира Сапаеванын айтымында, директордун жолдошу К.Н. ар бир ай сайын рентгенге түшүп жатат.

«Анын өпкөсүнөн патология табылып, рентгенолог дарыгер фтизиатрга жөнөткөн. Буга карабай, ал мектепке ишке 19-сентябрга чейин барып жүргөн. Андан кийин ал дарылануу үчүн Бишкекке кеткен. Ал жактан ага кургак учук деген диагноз коюшкан. Ал ошондон кийин дарылана баштады», - деди ал.

Мектептин директору Калима Көкчолокова аны уруксаты жок адамды мугалим кылып иштеткени үчүн айыптап жатканын айткан.

«Өзүңөр билгендей, мугалимдер окуу жылынын башында текшерүүдөн өтүшөт. Кимдир бирөөлөр шартына жараша кийинчерээк өтөт. 1-октябрга чейин дагы уруксатты алып келип жаткан мугалимдер болду. Бир эле менин жолдошумдун 19-сентябрга чейин уруксаты болгон эмес. 19-сентябрда анда шектүү бир нерсе бар экендигин, текшерилүү керектигин айтышкан. Башында бронхит деп ойлогонбуз. Андан кийин фтизиатр дарыгер анализге какырык тапшырууну сунуштады. Бул үчүн дагы 2 жума убакыт кетти. Бул убакытта ооруканага жатып тур десе жолдошум баш тартып, дароо Бишкекке кетип калды. Ал Бишкекте жүргөндө 2 жумадан кийин анализдин жыйынтыгы белгилүү болду. Андан кургак учук табылып, дароо ооруканага жаткырышты. Ал 4-октябрдан 8-декабрга чейин ооруканада дарыланды», - деди ал.

Директор жолдошу 20-сентябрдан тарта мектепке келбегенин кошумчалаган.

Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектепте 1164 окуучу билим алып, 80 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2381
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×