При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: 30 жылдан бери шырдак жасаган ак-моюндук Б.Мамырова америкалыктардын ыраазычылык катын алган (фото)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылынын 58 жаштагы тургуну Батмабүбү Мамырова 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк аркылуу киреше табат. Ишмер айымдын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 28 жашынан тартып узчулук менен алектенип келет. Бул өнөр ишмер апасынан калган деп эсептейт.

«30 жылдан бери шырдак, жууркан-төшөктөрдү жасап, аларды сатуу менен киреше табам. Алардын баасы 2500 сомдон жогору болот. 5 жылдан бери фестивалдарга катышып, грамоталарга ээ болдум. 6 айымдан куралган "Табылгы" жамаатында 15 жылдан бери иштейм. Менин жолумду кызым жолдоп, шырдактын түрүн жасап жатат», - деди Б.Мамырова.

Ошондой эле, ал америкалыктарга шырдактарын сатып, ыраазычылык катын алган. 2016-жылы «Кыргыз Республикасынын ардактуу инсандары» коомдук бирикмесинин «Ардактуу айымы» наамы менен сыйланган.

4 баланы өстүргөн Б.Мамырова учурда 15 неберенин чоң энеси. Жолдошу К.Абакиров мындан 3 жыл мурун көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 936
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×