При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ак-Сууда окуучулар арасында «Сары-Өзөн чолпондору-2017» фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Москва районунун Ак-Суу айылындагы №1 орто мектепте «Сары-Өзөн чолпондору-2017» фестивалы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, аталган фестивалда окуучулар «Манас» эпосунан үзүндү айтып, жандуу үн менен ырдап, «Комузчу» жана «Асман» бийлерин жогорку деңгээлде бийлешти.

Фестивалдын жыйынтыгында калыстар тобу Манастын акыркы жолу жоого аттанганын кырааты менен айткан окуучуларды, «Асман» бийин мыкты бийлеген бийчилерди, «Маш ботой» күүсүн мыкты чеберчилик менен черткен комузчуларды, ошондой эле «Мурлыка», «Жоокер», «Feel the light» ырларын жакшы ырдаган окуучуларды райондук фестивалга тандап алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 911
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу