Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

45 жыл эл агартуу тармагында иштеген балыкчылык А.Мусаевге «Ардактуу инсан» наамы берилди (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын тургуну Абдыманап Мусаевге «КРнын ардактуу инсаны» наамы берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Абдыманап Мусаев 45 жыл эл агартуу тармагында, партиялык кызматтарда иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Наам «Кыргыз Республикасынын ардактуу инсандары» коомдук бирикмеси тарабынан берилип, аны «Ысык-Көл облусунун ардактуу инсандары» коомдук бирикмесинин төрагасы Кубатбек Сейдакматов тапшырды.

Абдыманап Мусаев 1951-жылдын 19-февралында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият айылында төрөлгөн. 1968-жылы Ысык-Көл облусунунун Жети-Өгүз районунда орто мектепти, 1973-жылы Пржевальск педагогикалык институтунун физика факультетин аяктаган. Алматы, Ташкент шаарларында жогорку партиялык мектептерде, Москвадагы КПСС БКнын аппаратындагы партиялык кызматкерлерди даярдоо курсунда, Новосибирскийдеги Жогорку аскердик саясий окуу жайынын курсунда билимин жогорулаткан улук лейтенант.

1987-жылы Кыргызстан компартиясынын 19-съездинин делегаты болгон. Эмгек жолун 1968-1969-жылдары Жети-Өгүз райондук маданият үйүндө методист болуп баштаган. 1973-1974-жылдары Түп райондук комсомол комитетинин уюштуруу бөлүмдөрүнүн инструктору, 1988-1989-жылдары Ысык-Көл облусунун парткомитетинин кадрлар менен иштөө бөлүмүнүн жооптуу уюштуруучусу, бөлүм башчысынын орун басары, гуманитардык идеология бөлүмүнүн башчысы болгон. 1992-2001-жылдары Балыкчы шаардык мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, 2001-2006-жылдары Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 2007-2013-жылдары мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары, башчынын милдетин аткаруучу, сектор башчысы болуп эмгектенген.

Ал «Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу» наамы, «Муниципалдык кызматтын отличниги» төш белгиси жана башка мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Азыр эс алууда болсо да шаар бийлиги менен байланышын үзбөй, тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 851
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×