При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото, видео, толукталды)

Turmush -  Бүгүн, 17-мартта Базар-Коргон районунун Акман айылында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, Бишкек—Ош унаа жолунун Акман айылындагы тилкесинде 100дөн ашык адам жөө жүрүшкө чыгып, Ө.Текебаевди камактан бошотууну талап кылышууда. Мындан тышкары алар өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин келишин талап кылууда.

Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып жатат.

Митингдин уюштуруучусу Анара Абдукадырованын айтымында, учурда Ош—Бишкек унаа жолунун боюна чогулгандардын саны 300гө жетти. Митингге Ош, Жалал Абад, Кочкор-Ата шаарларынан, Өзгөн, Кара-Суу районунан тургундар келишкен.

 

Нааразы болуп чогулган жашоочулар менен Жогору Кеңештин депутаттары Алманбек Шыкмаматов жана Каныбек Иманалиев жолугушту.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, 48 саатка камалган. 27-февралда кечинде Биринчи май райондук соту Ө.Текебаевди УКМКнын тергөө абагына 2 айга – 25-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Санкцияны сот Адылбек Субанкулов жарыялаган.

Жактоочулардын арызынын негизинде бул ишти 9-мартта Бишкек шаардык соту карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутатка жактоочунун катышуусунда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылды.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Тема боюнча:

27.02.2017Ө.Текебаевдин Бишкек–Ош жолун тосууга аракет кылган тарапташтары тарап кетишти
27.02.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
28.02.2017Ө.Текебаевдин тарапташтары Ош—Бишкек жолуна боз үй орнотууга аракет кылышууда (фото, видео)
01.03.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
03.03.2017Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал туруктуу (фото)
06.03.2017Базар-коргондук энелер Ө.Текебаевди колдоп, Ош—Бишкек жолуна чогулушту (фото)
05.03.2017Фото - Ө.Текебаевдин Бишкек—Ош жолунда чогулган жердештери кечинде тарап кетишти
09.03.2017Базар-Коргондо Ө.Текебаевдин тарапташтары майрам күнү да митингге чыгышты (фото)
09.03.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото, видео, толукталды)
09.03.2017Бишкекте Ө.Текебаевдин митингге чыккан тарапташтары тарап кетишти
13.03.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
16.03.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары күнү-түнү боз үйдө турушат (фото, видео)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3462
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×