Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыдагы митинг-реквиемге катышкан саясатчылар (фото)

Turmush -  Аксы районунун Боспиек айылында Аксы окуясынын 15 жылдыгына карата өткөн митинг-реквиемге бир нече саясатчылар катышты.

Алардын арасында «Ата Мекен» партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, экс-губернатор Эмилбек Каптагаев, мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун бар. Алар Аксы окуясында курман болгон жарандарды эскеришти.

Иш-чарада катышуучулар ортосунда кайым айтышуу жаралды. Ага сөзгө чыккан Т.Акунга сөз берилбегени себеп болду.

Бүгүн Аксы окуясына 15 жыл болду. 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында укук коргоо органдары куралсыз демонстранттарга ок чыгарган. Трагедиялуу окуяда Аксы районунун тургундары курман болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2085
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×