При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-апрель

Аксы окуясына 15 жыл: С.Жээнбеков жана С.Исаков курман болгондордун эстелигине гүл коюшту (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Аксы окуясы эскерилип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Трагедиялуу окуяны эскерүүгө Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган бийлик өкүлдөрү, окуяга катышкан тургундар жана курман болгондордун жакындары катышууда. Алар Аксы окуясында курман болгондордун эстелигине гүл коюшту. Премьер-министр тарых өз ордун табаарын белгиледи.

С.Исаков өлкө башчынын катын окуп жатып, Аксы окуясы демократиянын башаты болгонун белгиледи.

«Аксы окуясы кыргыз элинин намысы ойгонгонун көрсөттү. Тилекке каршы, бул окуя эки бийликке тең сабак болгон жок», - деди ал өлкө башчынын катын окуп жатып.

Бүгүн Аксы окуясына 15 жыл болду. 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абал облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында укук коргоо органдары куралсыз демонстранттарга ок чыгарган. Трагедиялуу окуядан Аксы районунун тургундары курман болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1110
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.

Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×