Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Баткен

Кадамжайда кышында көлгө жуунган Кутбилла Закиряев каза болду (фото)

Turmush -  Кышында муздак сууга жуунганы менен таанылган Кадамжай районунун 70 жаштагы тургуну Кутбилла Закиряев каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Кутбилла Закиряев суу адамдын ден соолугун чыңдап, жан дүйнөнү тазалай турганын айткан. Ал Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетин бүтүрүп, 50 жылдан ашык маданият тармагында иштеген. Бир катар өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон.

Анын кышында Жийделик көлүнө түшкөнү тууралуу Turmush басылмасы жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9052
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×