Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда уникалдуу операция жасалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиялык борборунда дагы бир уникалдуу операция жасалды, деп билдиришти аталган борбордон.

Маалыматка караганда, операция 41 жаштагы тургундун жүрөгүнө профессор К.Абдраманов тарабынан жасалды.

«Операциянын уникалдуулугу аны жасоо техникасынын оордугунда. Жүрөккө мындай кайталанган оор операциялар дүйнөдө чанда гана жасалат. Операция болгон адамдын жүрөгүнүн бир клапаны 19 жыл мурун алмаштырылган. 14-мартта анын жүрөгүнүн 3 клапаны алмаштырылды», - деп айтылат маалыматта.

Операция Ноокен районунун 41 жаштагы тургуну Ширин Айтбаеванын жүрөгүнө экинчи жолу жасалып, үч клапаны алмаштырылды.

Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы борборунун директорунун орун басары Венера Орунбаеванын айтымында, жүрөктүн 3 клапанын бир учурда алмаштыруу дүйнөдө сейрек кездешүүчү операциялардын бири болуп калды.

«Жүрөктүн клапандарын бирден, экиден алмаштырган операциялар күн сайын жасалат. Бизге келген бейтап 22 жашында операция жасатып, ага клапан коюлган экен. Өкүнүчтүүсү ошол алмашкан клапанына кошулуп, башка клапаны да жабыркаптыр. Жүрөккө экинчи жолу операция жасоо дагы оор. Ага карабастан биздин жетекчи Калдарбек Абдраманов баш болгон адистер операцияны колго алып, эки жасалма, бир биологиялык клапан коюшту. Операция 5 саатка созулду. Бейтап операцияга чейин бир ай биздин көзөмөлдө болгон», - дейт ал.

Ш.Айтбаева ак халатчандарга ыраазычылыгын билдирүүдө. Ал операцияны Россияда жасатууну пландаган. Бирок, ал кайрылган дарыгерлер жүрөккө экинчи жолу операция жасоо кыйын экенин айтышып, К.Абдрамановдун дарегин беришкен. «Жүрөккө экинчи жолу операция жасаткандар жок экен. Ошондуктан операциядан чыкпай калам го деп ойлогом», - деген бейтап дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Бейтап бүгүн, 17-мартта палатага которулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1429
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×