При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-апрель

Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары күнү-түнү боз үйдө турушат (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 16-мартта Базар-Коргон районунун Акман айылында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары мөөнөтсүз митингди улантышууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, Бишкек—Ош унаа жолунун Акман айылындагы тилкесинде эки боз үй тигилген. Депутаттын тарапташтары күнү-түнү боз үйдө болуп, Ө.Текебаевди камактан чыгарууну талап кылышууда. Учурда чогулган адамдардын саны 10дон ашты.

 

Белгилей кетсек, 13-мартта Ноокен районунун борборунда Ө.Текебаевди коргоо штабы ачылган.

Депутаттын тарапташтары майрам күндөрү дагы, тактап айтканда 8-март – Аялдардын эл аралык күнүндө мөөнөтсүз митингге чыгып, эл өкүлүн камактан бошотууну талап кылышкан.

Эртеси, 9-мартта дагы Ө.Текебаевдин тарапташтары Акман айылынан Жалал-Абад шаарын көздөй жөө жүрүш жасашкан. Алар «Текебаевге боштондук!» деген ураан менен бир чакырымдай жерге жөө басып, кайра артка кайтышкан.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, 48 саатка камалган. 27-февралда кечинде Биринчи май райондук соту Ө.Текебаевди УКМКнын тергөө абагына 2 айга – 25-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Санкцияны сот Адылбек Субанкулов жарыялаган.

Жактоочулардын арызынын негизинде бул ишти 9-мартта Бишкек шаардык соту карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутатка жактоочунун катышуусунда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылды.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Тема боюнча:

27.02.2017Базар-Коргондо Ө.Текебаевдин тарапташтары кайрадан чогулушту (фото, толукталды)
27.02.2017Фото - Ө.Текебаевдин тарапташтары Бишкектеги борбордук аянтка чогулуп жатат
27.02.2017Базар-Коргондо Ө.Текебаевдин тарапташтары Ош—Бишкек жолун тосууга аракет кылууда (фото, видео)
27.02.2017Фото - Милиционерлер Ө.Текебаевдин тарапташтарына Бишкек—Ош унаа жолун тосууга каршы турууда
27.02.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
27.02.2017Ө.Текебаевдин Бишкек–Ош жолун тосууга аракет кылган тарапташтары тарап кетишти
28.02.2017Ө.Текебаевдин тарапташтары Ош—Бишкек жолуна боз үй орнотууга аракет кылышууда (фото, видео)
01.03.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
03.03.2017Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал туруктуу (фото)
05.03.2017Фото - Ө.Текебаевдин Бишкек—Ош жолунда чогулган жердештери кечинде тарап кетишти
06.03.2017Базар-коргондук энелер Ө.Текебаевди колдоп, Ош—Бишкек жолуна чогулушту (фото)
09.03.2017Базар-Коргондо Ө.Текебаевдин тарапташтары майрам күнү да митингге чыгышты (фото)
09.03.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото, видео, толукталды)
09.03.2017Бишкекте Ө.Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышты (фото)
09.03.2017Бишкек шаардык соту дагы Ө.Текебаевди 2 айга камакта калтырды
09.03.2017Бишкекте Ө.Текебаевдин митингге чыккан тарапташтары тарап кетишти
13.03.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
14.03.2017Биринчи май райсоту Ө.Текебаевди мэр А.Ибраимовго 1 млн сом берүүгө милдеттендирди
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1441
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.

Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
mir-2017
13:21, 16 марта 2017
Байкуштар, ушуп-тонуп, не кудайдын азабын жеп отурасынар...
Көп окулду
×