Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

«Мекендештер»: Москвада ашпозчу болуп иштеген 22 жаштагы Нурбек 40 түрдүү тамак жасаганды үйрөндү (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы – Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун 22 жаштагы тургуну Руслан уулу Нурбек.

Ал Жети-Өгүз айылындагы мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы юридикалык колледжге кабыл алынып, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Акыркы 5 жылдан бери Москва шаарындагы ашканалардын биринде ашпозчу болуп иштейт.

«Эмгек мигранты болгондуктан ар кандай жумуштарда иштөөгө туура келет. 5 жыл аралыгында иштеген жумушунан маянасын ала албай, кайра мекенге кеткендер болду. Мен иштеген ашканада 40 түрлүү тамактар даярдалып, шаардагы ишканаларга жөнөтүлөт. Иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн. Айлык маянабыз жакшы, өз учурунда алабыз. Ашканада иштеп, 40 түрдүү тамак жасоонун сырын өздөштүрдүм», - деди Нурбек.

Ал келечекте Кыргызстанга келип, өз кесиби менен иштөөнү пландоодо.

«Москвада иштеп жүрүп үй жана унаа сатып алдым. Учурда окуумду улантып жатам. Кийин өз кесибим менен иштөөнү пландап жатам. Оператордук тажрыйбам бар», - деди Руслан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1629
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×