Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Сот ичимдик ичип, күбөлүгү жок унаа айдаганы үчүн ырчы А.Жайнаковага кошумча 20 миң сом айып салды

Turmush -  Ош шаарында патрулчунун кашын жара тепти деп айыпталган ырчы Алтынай Жайнаковага кошумча 20 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Turmush басылмасына билдирди.

Анын айтымында, бул айып пулду ырчы кыз айдоочулук күбөлүгү жок, алкоголдук ичимдик ичкен абалда унаа башкарганы үчүн төлөйт.

«Буга чейин ырчы Алтынай Жайнаковага Ош шаардык соту тарабынан милиция кызматкеринин кашын жара тепкени үчүн 30 миң сом айып пул салынган. Мындан сырткары айдоочулук күбөлүгү жок, мас абалда руль башкарганы үчүн 20 миң сом айып пул салынды. Ырчынын айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталды», - деди ал.

Ош шаардык сотунун 9-февралдагы жана 10-марттагы чечими боюнча ырчы мамлекетке жалпы 50 миң сом айып пул төлөйт. Белгилүү болгондой, бүгүн, 16-мартка карата бул чечимге апелляциялык арыз жазылган эмес.

Окуя тууралуу:

Ош шаардык сотундагы 10-марттагы отурумда жоопкер КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) менен күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом айып пул салынган. Маалыматка караганда, документи боюнча жоопкер — 1995-жылы туулган Нематтилла кызы Алтынай.

Буга чейин Ош ШИИБдин басма сөз кызматы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмү (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү, бейбаштык) менен иш козголгонун маалымдаган.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 2017-жылы 13-январга караган түнү саат 02:10 чамасында болгон. Патрулчулар Ош шаарынын Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде алыскы чырактарын жандырып келе жаткан «Хонда-Аккорд» үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет жасаган. Бирок, айдоочу баш ийбестен качып жөнөгөн. Унааны артынан кубалап токтоткондо ичинен ичимдик ичкен абалдагы аял киши түшкөн. Документтерди көрсөтүүнү талап кылган патрулчу унааны милиция бөлүмүнө алып баруу үчүн рулга отурганда айдоочу каршылык көрсөтүп, бут кийиминин такасы менен бетке тээп жиберген. Анын кесепетинен милиция кызматкеринин кашы жарылып, дарыгерлерге кайрылган.
Окуядан кийин ырчы кыз убактылуу камакка алынып, 14-январда Ош шаардык соту үй камагына чыгарган.
Бул окуя боюнча ырчы кыз менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешип, андан окуянын чоо-жайын уккан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4754
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
amantay
18:10, 16 марта 2017
Сот ичимдик ичип, күбөлүгү жок унаа айдаганы үчүн...
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:32,   21.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×