При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Лейлекте эрте никеге туруу маселеси талкууланды

Turmush -  Бүгүн, 15-мартта Лейлек районунда «Эрте никеге туруу: мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана жоопкерчиликтер» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу райондун акимчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери, дарыгерлер, молдолор, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында эрте турмуш куруу жана майзамга киргизилген өзгөртүүлөр ар тараптуу талкууга алынды. Ага кошо жер-жерлерде окуучуларга, ата-энелерге бул маселе боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кеңири жеткирүү тапшырмасы тиешелүү жетекчилерге милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2001
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×