При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

«Жеңеке»: 35 жашында Таласка келин болгон Гүлхан жеңе кичүү уулун 52 жашында төрөгөн (фото)

Turmush -  Ошто өскөн Умарова Гүлхан жеңе сүйүүсүн 35 жашында Таластан тапкан. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 58 жашта. Ош облусунун Отуз-Адыр айылында төрөлгөн. 1978-жылдан 1992-жылга чейин ар тармакта эмгектенген.

«1992-жылы 14-февраль күнү сүйүүмдү — жолдошум Эсенбекти кезиктирдим. Ал учурда жолдошум Ошто иштеп жүрчү экен. Бир күнү мага тааныш эжем аны менен таанышуумду суранганда, «таластык балдар Оштун кыздарын карап да койбойт, сарттын кыздары деп жаман көрүшөт» деп койгом. Эртеси болбой тааныштырды. Эмнегедир жылдызыбыз бат келишти. 14-февраль күнү таанышып, 17-февраль күнү Таласка жетелешип баса бергенбиз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жаңы келин болуп келгенде туулган жерин сагынып ыйлаганын кошумчалады.

«Оштун кызы Таластын Боо-Терек айылына келин болуп отуруп калдым. Келгенден кийин Ошту сагынып, кетким келип ыйлай берчүмүн. Эки жактын салттары ар башкача, жасаган жумуштарына чейин айырмаланып турат. Уй сааганды билчү эмесмин. Бул жактан уй саай албай кыйналып жүрдүм.

Бир күнү абысыным «камыр көптүр» дегенинен «кантип көптүрөт?» деп өзүнө суроо бергем. Көрсө бул жактагылар нанды башкача кылып бышырат экен. Мен пловду өзгөчөлөнтүп бышырчумун. Үйдөгүлөр мактап жешчү.

Өзүмдүн туулган жериме 1 жылдан кийин биринчи балалуу болгондо барганбыз. Кудайга шүгүр, улуу кызымды турмушка узатып, сыйын көрүп турган чагым», - деди ал.

Гүлхан жеңе кичүү уулун 52 жашында төрөгөн. Учурда 2 кыз, 1 уулдун энеси.

Тема боюнча:

02.03.2017«Жеңеке»: Жолдошун сүрөтү менен эле сүйдүртүп алган Бактыгүл жеңе азыр 2 кыздын апасы (фото)
03.03.2017«Жеңеке»: Наргиза жеңе тойдун эртеси меймандардын алдында кулап түшүп, томатты төгүп алган (фото)
04.03.2017«Жеңеке»: Кызыл дипломдуу юрист Н.Нотоеваны жолдошу башка кыз менен үйлөнө турганын айтып сынаган (фото)
06.03.2017«Жеңеке»: Салтанат жеңе 18 жашында 2 кайын энеге эрке келин болгон (фото)
07.03.2017«Жеңеке»: Мария жеңени жолдошу биринчи көргөндө «Ах, какая красивая» деп айткан (фото)
07.03.2017Жеңеке: «Боз салкындагы» актриса Р.Орозова 1 ай мурда Таласка келин болду (фото)
11.03.2017Жеңеке: Н.Дүйшөнкулова келин болгондо кайын эжесинин шекер чылаган чайын бир күн кечке ичкен (фото)
14.03.2017«Жеңеке»: Таласка келин болгон Назгүл жеңеге нан бышырганды жолдошу үйрөткөн (фото)
18.03.2017«Жеңеке»: Оштогу жаш баатыр эне Г.Кулмырзаева 32 жашында 7 баланын апасы болду (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2517
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×