При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-апрель

Жалал-Абадда 18 жаштагы кызга зордук көрсөтүп, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 18 жаштагы кызга зордук көрсөтүп, аны сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, 12-мартта Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 2016-жылдын декабрь айынын аягында Ош шаарынан өзүн Мээрим деп тааныштырган Алай районунун Будалык айылынын 1984-жылы туулган тургуну аны Жалал-Абад шаарына алдап алып келген. Андан соң аны саунада иштөөгө мажбурлаган. Ошондой эле, С.Т. ага зордук көрсөткөнүн жана сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаганын билдирип, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Жабырлануучунун арызы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алгачкы ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлө баштады. Учурда аталган сауна жабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1298
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.

Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
amantay
14:46, 15 марта 2017
Журналистика менен "алектенгендер", "стилистика" деген илимди окуп, кыргызча нукура тил менен жазганды билип алган жакшы.
Көп окулду
×