Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Ат-Башыдагы 2,5 метр кар жааган айылдардын тургундары жардамга муктаж (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Муз, Ак-Сай жана Өзгөрүш айыдарында кардын калыңдыгы 2,5 метрге жетти. Бул тууралуу айыл тургуну Азамат Бердибеков билдирди.

Анын айтымында, 12-марттан бери жааган кардын калыңдыгы айрым аймактарда 1,8-2 метрден ашты. Учурда кар баскан жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатканы менен жол ачыла элек. Андан улам жергиликтүү тургундар өкмөттөн техникалык колдоо жана күйүүчү май сурашты.

«Тынбай жааган кардын калыңдыгы 2,5 метрге жетти. Үйгө кирип-чыгуу, мал-жандыкты кароо кыйын болуп калды. Ак-Муз айылында жыл сайын кышкысын ушундай абал болот. Бирок, кар 2,5 метрге чейин жеткен эмес. Айыл өкмөт карды тазалоо үчүн болгон күчүн жумшап жатканы менен жыйынтык жок. ӨКМ тарабынан атайын техникаларды жөнөтүүнү суранабыз», - деди Ж.Бердибеков.

Айыл өкмөт башчысы Азат Капатов жазгы суу каптоого деп сактап койгон күйүүчү май кар тазалоого, жолдорду ачууга пайдаланылып жатканын билдирди.

«Жазгы суу каптоого деп сактап койгон 200 литр май бар болчу. Учурда ошол майды колдонуп жатабыз. Дагы кошумча 100 литр күйүүчү май келди. Бирок, айыл өкмөттүн техникалары карды тазалоого үлгүрбөй жатат. Андан улам башка райондордон техникалык жардам сурадык», - деди А.Капатов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2240
Көп окулду
×