h Turmush: Жаш талант: Кочкорлук бир туугандар Назгүл менен Малика фортепиано ойногонду үйрөнүп жатышат (видео)

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Жаш талант: Кочкорлук бир туугандар Назгүл менен Малика фортепиано ойногонду үйрөнүп жатышат (видео)

Turmush -  Кочкорлук бир туугандар Назгүл Жумакеева менен Малика Жумакеева фортепиано ойногонду жакшы көрүшөт. Аймактык кабарчы таланттуу эже-сиңди менен таанышты.

Алардын айтымында, учурда Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында окушат. Окуудан тышкары М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинде сабак алышат.

«Биздин үйдө эжекем фортепианодо ойнойт. Ошондуктан мен да кызыгып, ойноого аракет кылып келем. Азыр 12 жаштамын. Мектепте 4-класста, музыкалык мектепте 3-класста окуйм. Келечекте Каныкейдей ырчы болууну кыялданам.

Ал эми, сиңдим мени ээрчип чогуу үйрөнөт. Ал 2-класста гана окуса да аракеттенип үйрөнүп жатат. Малика келечекте атактуу пианистка болууну кыялданат», - деди Назгүл Жумакеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 847
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×