При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

«Жеңеке»: Оштогу жаш баатыр эне Г.Кулмырзаева 32 жашында 7 баланын апасы болду (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы эң жаш баатыр энелердин катарын толуктаган 32 жаштагы Гүлдана Кулмырзаева менен жолдошу Кубатбек Бектемиров 7 баланы тарбиялап жатышат.

Г.Кулмырзаева өзү белгилегендей, балдарга татыктуу тарбия берүү үчүн тынымсыз эмгектенет. Учурда балдарынын кичүүсү 2,5 жашта болсо, улуусу 15 жашта. 17 жашында турмуш курган Гүлдана айым «Баатыр эне» наамына өткөн жылы ээ болгон.

«Жолдошум экөөбүз туугандар аркылуу таанышып калганбыз. Мен ал кезде жаңы гана 11-классты бүткөм. Көп узабай эле экөөбүз баш кошконбуз. Жаш болсом керек, кайындарды тергейт дегенди билчү эмесмин. Турмуш кургандан кийин жолдошумдун ишине байланыштуу Жалал-Абадда жашап калдык. 2012-жылы Ошко көчүп келсек кайнилерим, кайын сиңдилерим чоңоюп калыптыр. Кайра аларды тергей баштадым. Жолдошум экөөбүздүн түтүн булатканыбызга 16 жыл болуп калды. Учурда 2 уул, 5 кызыбыз бар», - деди ал.

Кичине кезинде мугалим болууну самаган Г.Кулмырзаева учурда балдарынын психологуна айланган.

«Мен балдарымдын кабак-кашына карап эле билип калдым. Биринчи кызым Алинаны төрөгөндө бир аз кыйналгам. Калган балдарымда кыйналган жокмун. Ар бир баланын кыялы ар түрдүү. Азыр балдарымдын психологуна айландым. Кимисине эмне жагат, маанайы кандай экенин дароо билип турам. Эне болуу – бул эң чоң бакыт», - деди баатыр эне.

Жаш үй-бүлө балдарына Алина, Барсбек, Сайкал, Акинай, Ариет, Айбийке жана Фаиза деген ысымдарды ыйгарышкан. Алар балдарынын келечекте кыргыз элинин керегине жараган уул-кыздардан болуп чоңоюшун тилейт.

Баатыр эненин жолдошу Кубатбек Бектемиров кесиби боюнча экономист.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
tasakg
09:11, 16 марта 2017
Көрүнүп турат балдары таза, жакшы багылып жатканы.Баланы төрөгөндөн кийин бага билбегендер да бар. Аман-эсен болушсун.
Көп окулду
×