При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-апрель

«Жеңеке»: Таласка келин болгон Назгүл жеңеге нан бышырганды жолдошу үйрөткөн (фото)

Turmush -  Таластын келини болгон 29 жаштагы Дүйшеева Назгүл жеңеге нан бышырганды жолдошу үйрөткөн. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чүй облусунда чоңойгон.

«Жолдошум Арслан менен студент кезимде таанышкам. Жолдошумдун эжеси мага университетте сабак берчү. Ал сыртымдан жактырып жүрүп, бир тууган иниси менен тааныштырган. Ошентип ата-энемдин алдынан өтүп, кыргыздын салты менен үйдөн алып кетишкен. Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылына келин кылып алып келишти. Кайын журтум жакшы кабыл алышты», - деди ал.

Каарманыбыз келин болуп келгенден тарта чарба иштерине жардам бергенин кошумчалады.

«Өзүм эркектердин арасында чоңойгом. Үйдөн да кыздарга тиешелүү жумуштарды жасабай, атама жардам берип, малга чөп салып жүрчүмүн. Келин болуп келгенде дагы үй жумуштарын кылбай, күйөөмдүн жанына барып мал карашчумун. Үйдүн кичүү келини болгондуктан үй жумуштарын абысындарым, сырткы жумуштарды мен жасачумун. Күйөөм «үй жумуштарын кылгандын ордуна мал жайгарганга качасың» деп көп айтчу.

Бир күнү абысыным «камыр көптүрүп койдум, нан жасап коёсуңбу» дегенинен макул болдум. Камырды кантип табакка саларды билчү эмесмин. Камырды көтөрүп келип алып же сала албайм. Аңгыча күйөөм келип калып «эмне болду» дейт. Мен болсо «бул суюк камырды кантип саларымды билбей турам» десем күйөөм табакка салып берип, нан бышырганды үйрөткөн. Мен болсо эшикти ичинен илип тургам», - деди ал.

Назгүл жеңе менен жолдошу учурда 4 баланы тарбиялап жатышат.

Тема боюнча:

20.02.2017«Жеңеке»: Шаарда өскөн А.Батырова айылга келин болуп барганда 3 жыл бою нан бышыра албай кыйналган
27.02.2017«Жеңеке»: 32 жашында 6 балалуу болгон Э.Полотбекова жолдошун биринчи эле жолугушууда тандаган (фото)
02.03.2017«Жеңеке»: Казакстанда өскөн уйгур кызы З.Жамалахунова Нарынга келин болуп, мектепте иштеп жатат (фото)
02.03.2017«Жеңеке»: Бакай-Ата айылына келин болгон К.Жаныкуловага уй сааганды жолдошу үйрөткөн (фото)
02.03.2017«Жеңеке»: Жолдошун сүрөтү менен эле сүйдүртүп алган Бактыгүл жеңе азыр 2 кыздын апасы (фото)
03.03.2017«Жеңеке»: Наргиза жеңе тойдун эртеси меймандардын алдында кулап түшүп, томатты төгүп алган (фото)
03.03.2017«Жеңеке»: Таластык А.Дүйшөнкулова 18 жашында өзүнүн классташына жеңе болгон (фото)
04.03.2017«Жеңеке»: Кызыл дипломдуу юрист Н.Нотоеваны жолдошу башка кыз менен үйлөнө турганын айтып сынаган (фото)
06.03.2017«Жеңеке»: Салтанат жеңе 18 жашында 2 кайын энеге эрке келин болгон (фото)
07.03.2017«Жеңеке»: Мария жеңени жолдошу биринчи көргөндө «Ах, какая красивая» деп айткан (фото)
07.03.2017Жеңеке: «Боз салкындагы» актриса Р.Орозова 1 ай мурда Таласка келин болду (фото)
11.03.2017Жеңеке: Н.Дүйшөнкулова келин болгондо кайын эжесинин шекер чылаган чайын бир күн кечке ичкен (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1314
Комментарии
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.