При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарында 3 айдан бери «Ыр кесе» өтүп жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарында 3 айдан бери көчөлөр ортосунда «Ыр кесе» кечеси өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова билдирди.

Маалым болгондой, «Ыр кесе» кечеси айыл өкмөт тарабынан уюштурулуп, ар жуманын 6-күндөрү өтүп жатат. Билеттин баасы 20 сомдон сатылып, бир жолу өткөрүлгөн ыр кеседен 4 миң сомдон ашык каражат чогулган. Анын 2 миң сому айылдык клубга, калганы иш-чара өткөргөн көчөгө берилүүдө.

Ал эми, клубга түшкөн каражаттын эсебинен 1-орунду ээлеген көчөгө 8 миң сом, 2-орун үчүн 6 миң сом, 3-орун үчүн 5 миң сом, 4-орун үчүн 3 миң сом сыйлык берилет.

«Бул кеченин максаты — элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө, ар кандай иш-чараларда эл өзүн өзү башкарып, коомдук иштерге тартылуусун уюштуруу. Сатылган билеттен түшкөн каражаттын жарымын сыйлыкка берели дегенбиз. Бирок жергиликтүү жашоочулар клубдун музыкалык жабдыктарын жаңырталы деген сунуш киргизип жатышат. Ыр кесеге эч ким калбай катышсын дегенбиз. Учурда 11 көчө катышып жатат», - деди Үчүгөнова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2372
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×