Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Нарындык С.Токоева 50 миң сомдук шырдактарды жасап, Европага сатат (фото)

Turmush -  Нарындык 41 жаштагы Самара Токоева 20 жыл кайын энесине кол өнөрчүлүк боюнча жардамдашып жүрүп, учурда өзү 6-7 аялга жумуш ордун түзгөн цех ачты. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда кайын энеси өзүнчө, ал өзүнчө кол өнөрчүлүк менен алектенишет.

«Шырдак тигүүнү кайын энеме жардамдашып жүрүп үйрөнгөм. Кайын энем 20 жылдан ашык убакыттан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Мындан 6 жыл мурун жолдошум экөөбүз кайын энемдер менен чогуу турчубуз. Кийин өзүнчө түтүн булатып кеткенден кийин да апамдын үйрөткөн кол өнөрчүлүгүн уланттым», - деди ал.

С.Токоеванын айтымында, чоң шырдакты жасоого 10 кг жүн керектелет.

«Эгер шырдакты жалгыз адам жасаса 1 ай убакыт кетет. Ошол себептен буга бир топ аял биригип иштеши керек. Азыр менде 6-7 кол өнөрчү айым эмгектенет. Мен шырдакты оюп берем, калган ишти жардамчы аялдар үйлөрүнөн жасап келишет. Европанын жашоочулары шырдакты табигый материал деп жакшы баалашат. Ошол себептен чет өлкөгө да таратуу үчүн сапаттуу жасоого аракет кылабыз. Бир топ сертификат, ардак баракчалар менен сыйландык. Кайын энем шырдактарды Азербайжандын Баку шаарына да алып барып келген», - деди Токоева.

Ал буга катар эле шырдактардын эң кымбаты 50 миң сомго чейин баалана турганын кошумчалады.

«Буйрутма көп болсо, айына 20-30 шырдак жасаганга үлгүрөбүз. Шырдактар 4 миң сомдон баштап, 40-50 миң сомго чейин сатылат. Учурда боз үйлөргө 10 метрлик шырдактарга буйрутмалар келип жатат», - деди чебер айым.

Самара Токоева менен жолдошу 3 кыз, 1 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2310
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Moonlight-2016
19:20, 13 марта 2017
каяктан заказ кылса болот?
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу