При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 29-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Фото - Индия кыргызстандык туристтин көзү менен

Turmush -  Жайыл районунун Орто-Суу айылынын тургуну, пенсионер Дүйшөн Жуматаев турист катары Индияга барып келди. Ал кызынын чакыруусу менен саякаттап келгенин айтып берди.

«Кызым айылдардын биринде англис тилинен сабак берет. Бул жака ал Бишкектен индиялык Пал Синг Девендраны чакырган. Ал Билим берүү борборунун ыктыярчысы, мурун учкуч болгон экен. Кызым ага Кара-Балта шаарын көрсөтүп, кыргыз элинин каада-салтын, жергиликтүү элдин жашоосу менен тааныштырып жүрдү. Алар дос болуп да калышты. Пал Синг Индияга кетип жатканда кызымды өз мекенине чакырып, конок болуп кетүүнү өтүнүптүр. Ошентип, кызым жанына курбусун жана мени дагы ээрчитип алды», - дейт Дүйшөн Жуматаев.

Ушул жылдын 12-февралында Жайыл районунун 3 тургуну Индияга барып, 10 күн саякат кылып келишти. Биринчи эле аларды таң калтырган — бул Дели шарына жакын аэропорт болгон. Ар бир мүнөт сайын бул жерге 3 учак конуп турат.

«Индиянын калкы 1,2 млрд адамды түзөт экен. Кайсыл жерге барбасак дагы адамдар жык жүрүшөт. Мен көп жылдык тажрыйбасы бар айдоочу катары алардын жолдо жүргөнүн көрүп шок болдум. Индиянын жолдору өзүнчө тема. Ал жерде жол эрежелеринин белгилери жок. Биринчи караганда айдоочулар жол эрежелерин билбегендей сезилет. Биздин гид эч кандай жол эрежелери жок экендигин айтканда таң калдым. Дели шаары экиге бөлүнөт экен. Жаңы Дели- заманбап чоң мегаполис, өнүккөн архитектурасы, индустриясы менен айырмаланса, эски Дели экзотикасы менен өзгөчөлөнүп турат экен», - дейт Жайыл районунун тургуну.

Биринчи эле аларды шаарда байыркы диний каада-салттардын сакталгандыгы таң калтырган.

«Индиянын эли байыркы диний салттарды сактап, жаныбарларга өзгөчө мамиле кылышат экен. Көчөдө уйлар эркин басып жүрөт. Аларды эч ким айдабайт. Уйларды саап алгандан кийин эркиндикке кое беришет экен. Уйлар көбүнчө таштанды таштоочу жайларда жүрүшөт. Индияда мыйзам боюнча уйду өлтүрүүгө тыюу салыныптыр. Ошондой эле, алар уйдун этин тамакка дагы колдонушпайт экен. Уйлардан тышкары, маймылдарга дагы өзгөчө мамиле кылышканын байкадым. Маймылдар дагы көчөдө, административдик имараттарда, дубалдарда, чатырларда эркин эле жүрө беришет экен. Бизге сумкаларыбызды бекем кармоо керектигин эскертишкен. Биз токтолгон отелде кызыктуу окуя болду. Кызым түнкүсүн балкондон шыбыр үн угуп, терезе пардону ачканда толтура маймылдарды көрүптүр. Көрсө терезелерди ачпаш керек экен, биз түнкүсүн ачып жатып алганбыз. Ошондуктан, биздин балконгон 10го жакын маймыл келип алыптыр. Түн ортосунда алар ызы-чуу чыгаргандыктан, отелдин кызматкерлери кууп чыгышты. Индиянын борборунда 5 миңге жакын маймыл бар экен. Ыйык деп эсептелген жаныбарлардын катарында пил дагы бар. Аларды атайын сейил бактардан гана көрүүгө мүмкүн экен. Пилди Индияда ийгиликтин символу катары эсептешет», - деди ал.

Саякатчылар Индиянын эки облусунда жана Дели, Агра, Джайпур шаарларында болушкан.

«Бизди бир гана пил жана маймыл эмес тарыхый жерлер дагы таң калтырды. Ар бир шаарда чиркөөлөр, көрүстөндөр, күмбөздөр орун алыптыр. Кыргызстан менен Индиянын окшоштурактары көп экен. Мисалы, индустар нанды өз тилинде дагы нан деп аташат экен. Тургундар бизге окшоп меймандос келишет экен. Алар хинди жана англис тилинде сүйлөп, аялдар борбор шаарда дагы мурунку кылымдардагыдай сари кийип жүрүшөт .Индиядан көптөгөн азем белектерди, кийим-кечектерди, таттууларды үйгө ала келдик», - деп кошумчалады Д.Жуматаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1084
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×