При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-апрель

Эл ичи—өнөр кенчи: Чоң энем эгиздерди төрөп, 33 балалуу болгон, - манасчы Д.Сыдыков (фото, видео)

Turmush -  Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков 12 жашынан бери «Манас» айтып келет. Ал 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында туулган. Айылда орто мектепти аяктаган соң, Бишкек шаарындагы К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алып, 2011-жылы бүтүргөн. Ошол жылдан бери окуу жайда Манас бөлүмү ачылып, учурда жаш муундарга «Манас» айтуучулук боюнча билим берет.

Атасы Качкын Сыдыков 1941-жылы туулган, 2006-жылы көзү өтүп кеткен. Апасы Мейрамгүл Сыдыкова 1946-жылы туулган, Казакстандын орто жүздүү Найман элинен болот.

«Менин «Манас» айтуума 2 нерсе түрткү болду. Биринчиден чоң аталарым «Манас» айткан инсандар болгон. Экинчиден 12 жашымда түшүмдө аян берип, «Манас» айта баштадым. Алгачкы жолу түшүмө дан майрамында «Манас» айтасың деген тапшырма берилген. Мен билбейм десем деле чыгарып коюшуп, ошондо айта албай ыйлап жибергенде көтөрүп кетишкен эле. Андан кийин 1 жумадан соң улуу манасчы Саякбай ата түшүмө кирип, Манас атабыздын чоң атасынын уулдары тууралуу айтып берип, «Манас» айтып жүр деди. Ал киши аркылуу баатырларга жолуктум десем болот. Ошондон көп өтпөй, «Манас» айта баштадым. Мени Саякбай ата өзү тарбиялап, устаттык кылды. Өзү келип, «Манас» айттырып, сынап да турду. «Манас» дүйнөсүндөгү олуя, баатырларга жолуктуруп, ошол кишилердин колдоосу менен «Манас» айтып келе жатам», - дейт Дөөлөт Сыдыков.

Манасчынын чоң энеси эгиздерди, 3 эм, 4 эм төрөп, 33 баланы жарык дүйнөгө алып келген. Ошондой эле, тайлары (таяке, жээндери) дагы кыргызчылыкты карманган касиеттүү адамдар.

«Апам Мейрамгүл эгиздерди төрөгөн инсан, учурда касиети күчтүү адам, бала эмдеп, дем салат. Чоң энем дагы 3 эгиздин түгөйү болгон. Чоң энебиздин апасы эгиздерди, үч эм, төрт эм төрөп, 33 балалуу болгон. Энебиз кайтыш болгондо 3 күндөн кийин көргө кирип баратканда тирилип, тигил дүйнөнү көрүп келген киши болгон. Ал эми өзүмдүн бир тууган эжелерим «Манас» айтчу. Кийин айтышкан жок, «Манас» айтуучулук мага өтсө керек деп ойлойм», - деди ал.

Д.Сыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет.

«Балалык кезим Шор-Булак айылында өткөн, жакшы көз ирмемдер менен сакталып калды. Мал кайтарып, аттын үстүндө «Манас» айтып жүргөн күндөрүм болду. Бала кезде 1 киши же 10 киши болсо деле «Манас» айтып берчүмүн. Улуу манасчы Саякбай ата устатым болсо, өзүмдүн атам Качкын «Манас» айтууга үндөп, мага көп жардам берди. Менин манасчы болуп такшалышыма атамдын эмгеги өтө чоң», - дейт ал.

Мындан тышкары, манасчы бош убактысында тарыхый китептерди окуганга аракет кыларын белгиледи.

«Көбүнчө «Манас» эпосун, тарыхый китептерди окуганга аракет кылам. Андан сырткары, бош убактым үй-бүлөм, балдарым менен эс алуучу жайларда, сейил бактарда өтөт», - деди ал.

Манасчынын жубайы режиссер Ырыс Окенова чыгармачыл инсан. КТРКнын Маданият бөлүмүндө эмгектенет. Алар 3 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2632
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.

Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×