При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Элдик уламыш: Баткендеги Балык-Мазар көлүнө шыпаа издеп келгендер арбын

Turmush -  Баткен районунун Кызыл-Жол айылындагы Балык-Мазар көлүнө шыпаа издеп келгендер арбын.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдинаби Кадыровдун айтымында, Балык-Мазар көлүнөн аккан суу Баткен, Каңсык, Кызыл-Жол айылдарын камсыздап турган. Учурунда бир нече тегирмен да болгон. Ошондуктан Кызыл-Жол айылы мурда Тегирмен-Башы деп аталган. Көлдүн айланасында мурдагы доорлорго таандык көрүстөндөр, дөбөлөр болгон. Көлдө балыктар арбын. Балык-Мазар деп аталышы да ушуга байланыштуу.

Сарык оорусу менен ооругандар балык мазарга келип, көлдө сүзүп жүргөн балыктарды караса оорудан сакаят деген ишеним бар. Ошондуктан ага келгендер көп. Учурда көлдүн суусу бир нече айылды сугат суу менен камсыздайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1694
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×