При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Элдик уламыш: Баткендеги Жигит пирим менен Кыз пирим кыз-жигиттин сүйүүсүнөн жаралган

Turmush -  Баткен жана Кадамжай райондорунун чегиндеги Кожошкен дарыясынын жээгиндеги Жигит пирим жана Кыз пирим зыярат жайлары кыз-жигиттин махабатынан пайда болгон.

Жергиликтүү тургун Аскар Ражабалиевдин айтымында, илгерки заманда кыз-жигиттер өздөрү каалагандай турмуш кура алышкан эмес. Бийлер, байлар каалаган кыздарды каалаган адамдарына зордук менен никелештирип, баш коштурушкан. Ошол мезгилде ушул дарыянын оң өйүзүндө жашаган жигит, сол өйүздөгү сулуу кызды сүйүп калып, ага сезимин билдирет. Жигитти кыз да жактырып калат. Бирок кыздын туугандары аларга каршы болуп, кызды башка бирөөгө берүүгө бел байлашат. Ага макул болбогон жигит менен кыз эч кимге билгизбей түн ичинде качып чыгышат. Арттан куугун келе жаткандыгын байкаган кыз-жигит караңгы түн экендигине карабастан дарыядан өтүүгө аракет жасашат. Дарыянын албууттанып кирген мезгили болгондуктан, түнкү караңгылыкта кыз дарыянын күчтүү агымына туруштук бере албай, суунун шары менен кошо агып жөнөйт. Ашыгын куткарууга далбастаган жигиттин да аракетинен майнап чыкпай, экөө тең сууга чөгүп каза болот. Бул кайгылуу окуяга кейиген эл ал экөөнүн сөөктөрүн бир жерге жашырууну сунуш кылышат. Бирок, кыздын туугандары ага макул болбой, намыс кылышып, өз айылынын үстүндөгү адырдын түбүнө коюшат. Жигиттин сөөгү да өз айылындагы чоң жардын түбүнө коюлат.

Жигит менен кыздын кайгылуу махабаты жөнүндөгү аңыздар эл арасында унутулбай айтылып, анын таасири менен алардын мүрзөлөрүнө зыярат кылгандар жыл сайын арбый берет. Мезгилдин өтүшү менен бул жерлерге зыярат кылуучулардын саны көбөйүп, ал жерлер ыйык жайга айланат. Кийин ал жерлер Жигит пирим, Кыз пирим деп аталып калган.

Учурда бул ыйык жайларга көптөгөн зыяратчылар келип, мал союп, түлөө өткөрүп, көзү өткөн жакындарына куран окутуп турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1139
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×