Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

3 жыл мурда Өзбекстанда камакка алынган кыргызстандык токойчу К.Эралиевдин жубайы А.Атамбаевге кайрылды (видео)

Turmush -  Тыңчылыкка шектелип Өзбекстанда камакта жаткан кыргызстандык токойчу Кубаныч Эралиевдин жубайы Гүлбахар Эралиев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, жолдошун чыгарууга жардам сурады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Урматтуу президент, жолдошумду чыгарууга жардам бериңиз. Көп органдарга кайрылдык, бирок жыйынтык чыккан жок. Жолдошум ишенчээк болгондуктан камалып кетти. 6 балабыз бар. Атасы баласын күтүп жүрүп каза болуп калды. Кайын энемдин эки көзү көрбөй калды. Мен Өзбекстанга барып, жолдошумду көрүп келдим. Абалы оор экен. Өзү кант диабети менен ооруйт. Өзбекстандын президенти менен сүйлөшүп, жардам берсеңиз жакшы болот эле. Күйөөм кармалган учурда Шахимардан анклавындагы тургундарына саткан картошканын акчасын алганы Өзбекстанга кирген эле», - деди ал.

К. Эралиев 2014-жылдын май айында Өзбекстандын чек арасынан өткөндө кармалып, тыңчылыкка шектелип камакка алынган. Учурда Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусундагы абактардын биринде жазасын өтөп жатат. Ага чек арадан мыйзамсыз өткөн, тыңчылык кылган деген беренелер менен бир нече айыптар тагылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. К.Эралиев Кадамжай районунда токойчу болуп иштечү. Ал 6 баланын атасы.

(К.Эралиев)

Эралиев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4231
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×