При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-май
67.86    76.32    1.2    KZT 0.22

«Жеңеке»: Мария жеңени жолдошу биринчи көргөндө «Ах, какая красивая» деп айткан (фото)

Turmush -  Новосибирск шаарында өскөн 66 жаштагы Сапаралиева Мария жеңе Таласка келин болуп келген. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен автобустан таанышкан.

«Кичинемде чоң энем «сен казакка турмушка чыгасың» деп айтса ыйлачумун. Биз жакта төө минген казак улутундагы адамдар көп эле.

Бой жеткен учурда бир аскер формачан бала автобустан түшүп эле мени көздөй жыгылып кетти. Мени карап туруп, «Ах какая красивая» деп айтты. Мен дагы сулуу экен деп жактырып калдым. Ошентип сүйлөшүп калдык. Ал ошол учурда аскерде кызмат өтөп жаткан. Кызматы бүткөн соң үйлөнүү жөнүндө сунуш киргизди. Ата-энемдин каршылыгына карабай, «кыргыздын баласына тием» деп 20 жашымда бир кыргызча сөз билбей жолдошум менен келе бергем. Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылына келин болуп келдим», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле ислам динин кабыл алганын, кайын энеси менен мамилеси абдан жакшы болгонун кошумчалады.

«Алгач сөздөрүнө түшүнбөй, өздөрүнчө күлүшсө мени айтып жатат го деп ойлонуп калып жүрдүм. 4 күндөн кийин ислам динин кабыл алдым. 2 айда тиричиликте колдонуучу сөздөрдү билип калдым. Кайын энемдин колунда жашагандыктан уй сааганды, көмөч жапканды, шырдак жасап, жүн тытканды үйрөндүм. Үйдө кайын агаларымдын 6 баласын карап, жалпы 10 адамга тамак жасачумун. Үйдө кайын энем мени абдан жакшы көрчү. Атымды Кыргызгүл деп коюп алып, ошол ат менен чакырчу. Төркүнүмө 2 жылдан кийин балабыз менен бардык. Алар дагы кыргыздын салты менен кой союп тосуп алышкан.

Бул жактан узун кийим кийип, жоолук салындым. Кийин жолдошум Сапаралиев Бообектин фамилиясын алдым. Келин болуп келген жылдан бери Талас облустук ооруканасында ашпозчу болум иштейм. Андан бери 46 жыл өттү», - деди ал.

Мария жеңе учурда 2 кыз, 2 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1916
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×