При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.3    79.59    1.15    KZT 0.21

Кылым карыткан жаш: Ак-талаалык 101 жаштагы Зулайка апа эл чанач кайнатып жеген ачарчылыктын күбөсү болгон (фото, видео)

Turmush -  Быйыл 101 жашка толгон Зулайка Шайылдаева Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында жашайт. Кылым карыткан апанын 4 уулу, 5 кызы, 48 небереси, 74 чөбөрөсү жана 2 кыбырасы бар.

Үркүн учурунда – 1916-жылы жарыкка келген Зулайка апанын ден соолугу жакшы. Бул тууралуу өзү Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди. Келини кошумчалагандай, аба ырайы жылуу убакта сыртка чыгып, кошуналары менен сүйлөшүп отурат.

З.Шайылдаева жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдирип, ачарчылык учурундагы элдин оор абалы тууралуу айтып берди.

«10 балалуу болгом, бирөө каза болуп калган. Аттарын деле унутуп калдым. Ден соолугум жакшы. Айыл өкмөттөн келип абалымды сурап турушат.

Ачарчылык учурунда эл кыйналды. Бир жолу кошунабыз чакырганынан барсам бууланган чаначты кайнатып жеп жатышыптыр. Жок болсо айла жок да. Аны үйгө апама айтып келип, апам аларга талкан, нан берип турду. Мен кырманда иштеп ачка болгон жокмун, бирок ачарчылык мезгилин көрдүм», - деди Зулайка апа.

Кылым карыткан карыя учурда кичүү уулунун колунда жашайт.

Тема боюнча:

16.10.2015Кылым карыткан жаш: Согушка чейин эле колхоздо иштеп, темир жол курган 102 жаштагы Б.Ибаковага 4 миң сомго жетпеген жөлөк пул берилет (фото)
17.10.2015Кылым карыткан жаш: Таластыктар сыймыктанган 101 жаштагы ардагер А.Кутманбеков 100гө жакын уул-кыздын атасы (фото, видео)
23.11.2015Кылым карыткан жаш: Ооруктун ардагери Г.Рыскулова Аксыда 100 жылдык маарекесин белгиледи (фото)
29.12.2015Кылым карыткан жаш: Бул жылы 114 жашка толгонун айткан А.Назарбекова кээде үй жумуштарына жардам берет (фото, видео)
19.02.2016Кылым карыткан жаш: 105 жаштагы ооруктун ардагери, бакай-аталык Г.Дүйшөналы кызы Чоң Чүй, Беш-Таш жана Үрмарал каналдарын казууга катышкан (фото)
03.03.2016Кылым карыткан жаш: Тоң районунун 116 жаштагы жашоочусу Саткын Субанбаева таттууну өтө жакшы көрөт (фото)
02.05.2016Кылым карыткан жаш: 100 жаштагы ооруктун ардагери, жети-өгүздүк М.Урманбетова Үркүн учурунда төрөлгөн (фото)
20.06.2016Кылым карыткан жаш: 106 жаштагы А.Халилова: Талаада бир күн иштеп алган аталаны балдарыма берип, өзүм чөп жеген күндөр болду (фото)
11.11.2016Кылым карыткан жаш: 115 жашка толгон А.Чыңгышбаева Боом капчыгайына темир жол курууга катышкан (видео)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3923
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу