Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

«Жеңеке»: Бакай-Ата айылына келин болгон К.Жаныкуловага уй сааганды жолдошу үйрөткөн (фото)

Turmush -  Таластын Бакай-Ата айылына келин болуп келген Карачач Жаныкулова уй сааганды жолдошунан үйрөнгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен мектепти аяктап, жогорку окуу жайга керектүү документтерди чогултуп жүргөн учурда таанышкан.

«Жолдошум менен 2-3 күн сүйлөшкөндөн кийин Бакай-Ата айылына ала качып кетти. Ызы-чуу кылып отурбай, катуу ыйлаганым азыркыга чейин эсимде. Буйрук экен ошентип 19 жашымда бир үйдүн 7-келини болуп отуруп калдым. Кайын энем жакшы киши экен. Мени өз кызындай кабыл алды. Албетте, бөлөк жер, бөлөк адамдардын чөйрөсүнө тез эле аралашып кетүү кыйын болду. Бирок, акырындык менен көнүп кеттим», - деди ал.

Карачач жеңе айылга жаңы келин болуп келгенде уй саай албай, бир топ убара болгонун айтты.

«Бир күнү уй сааганы сарайга барышым керек болуп калды. Ал кезде уй сааганды билчү эмесмин. Эмне кыларымды билбей, жолдошума айттым. Ал мага үйрөтөм деп, уйду өзү саап көрсөтүп берди. Алгач үйрөнө албай бир топ убара болдум. Саасам эле колдорум ооруйт. 10-15 күндөй жолдошум саап жүрдү. Ал уйду саап бүткүчө карап турчумун. Бүткөндөн кийин, чакадагы «сүттү мен саадым» деп үйгө көтөрүп барчумун. Азыр жолдошум ошол күндөрдү эстеп күлдүрүп калат», - деди К.Жаныкулова.

Ал кайын энеси менен тез эле тил табышып кеткен.

«Жаңы келгенде кайын энемдин көзүнчө идиш жууп жатып кулатып алып, ондой чыныны сындыргам. Ал качан кыйкырып жиберет деп коркуп турсам, «эч нерсе болбойт жамандыктын баары ушуну менен чыгып кетсин» деп койду. Кайын энем экөөбүз бат тил табышып кеттик. Ал мендей келиндүү болгонуна сүйүнөт. Мен дагы ушундай жакшы адамдарга туш болгонума сүйүнөм», - деди ал.

К.Жаныкулованын жолдошу санэпидемстанцияда эмгектенет. Учурда экөө 3 баланы тарбиялашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 592
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу