Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

«Жеңеке»: Казакстанда өскөн уйгур кызы З.Жамалахунова Нарынга келин болуп, мектепте иштеп жатат (фото)

Turmush -  25 жаштагы уйгур кызы Зульфия Жамалахунова 2015-жылы Нарынга келин болуп келген. Азыркы учурда Арстанбек Буйлаш уулу орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берет. Аны менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Өзүнүн айтымында, жолдошу экөө жогорку окуу жайда окуп жүргөндө таанышып, 4 жылдан кийин баш кошушкан.

«Атамдын улуту уйгур, апам казак кызы. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Казакстандын Кордай айылында 10 жыл жашап, 2006-жылы Бишкек шаарына келдик. Мен Кант шаарында төрөлгөм. 2016-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктадым. Учурда Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы мектепте башталгыч класстарга сабак берем. Нарынга жаңы келгенде кесиптештерим макал менен таза кыргызча сүйлөп жатканда жакшы түшүнчү эмесмин. Окуучуларым да менин аты-жөнүмдү айта албай тилдери келчү эмес. Таксиге отурганда айдоочулар кыргызча эле сүйлөбөйсүңбү деп тамашалап күлүп калышчу», - деди ал.

З.Жамалахунова кыргыздын салтына эми гана көнүп баратканын айтты.

«Мен жаңы келин болуп келгенде жүгүнгөндөн жана халат кийип, жоолук салынуудан кыйналдым. Кайын эне, кайын атам кыргызча сүйлөгөнүмө түшүнбөй күлүп калышчу. Уйгур менен кыргыздын салты көп айырмаланат экен. Мисалы, бул жакта нан жаңы бышканда ата-энеңе биринчи ооз тийгизүү керек. Бизде андай эмес. Башка келиндердей мен уялып, тартынган эмесмин. Тескерисинче бат тил табышып, өз ата-энемдей сырдашып, тамашалашып күлөбүз», - деди уйгур кызы.

Мугалим үй-бүлөдө 5 кыздын улуусу. Жолдошу Н.Чорокелдиев милиция кызматкери болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6494
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу