Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Баракелде

Мурунку элчи Д.Чотонов 2 айга камакка алынды

Turmush -  Биринчи май райондук соту бүгүн, 27­-февралда кечинде Кыргызстандын Корея жана Вьетнам өлкөлөрүндөгү мурунку элчиси Дүйшөн Чотоновду УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакта калтырды. Ал кечээ, 26-февралда 48 саатка камакка алынган.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогону белгилүү болгон.  

Ө.Текебаев кечээ, 26-февралга караган түнү 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Депутат Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалган. Бүгүн, 27-февралда эл өкүлү 2 айга – 25-апрелге чейин камакта калтырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1694
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×