Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Өмүрбек Текебаев 2 айга камакта калтырылды

Turmush -  Бүгүн, 27-февралда кечинде Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди УКМКнын тергөө абагына 2 айга – 25-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди.

Санкцияны сот Адылбек Субанкулов жарыялаган. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутатка жактоочунун катышуусунда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылды.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев кечээ, 26-февралга караган түнү 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Депутат Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалган.

Анын тарапташтары кечээ саат 13:00дөн тарта Ө.Текебаевди бошотуу талабы менен УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгышты. Чогулгандар саат 21:00гө жакын тарап кетишкен. Митингчилер бүгүн Бишкек шаарында жана Базар-Коргон районунда кайрадан чогулушту.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3268
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×