Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

«Жеңеке»: 32 жашында 6 балалуу болгон Э.Полотбекова жолдошун биринчи эле жолугушууда тандаган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Элмира Полотбекова. 32 жаштагы жеңеке учурда жолдошу менен 6 баланы тарбиялап жаткан учуру. Каарманыбыз кесиби боюнча биология мугалими. Бирок, балдары жаш болгондуктан кесиби боюнча иштей элек.

Алардын улуу баласы 10 жашта болсо, кичүүсү 5 айлык.

Э.Полотбекова турмушка студент кезинде чыккан.

«Бир күнү сабактан келсем үйдө жуучу болуп кайын эжем менен жездем отуруптур. Ата-энемдин макулдугу менен өмүрлүк жолдошума бир ирет жолугушууга чыгып, турмуш жолуна аттандым. Той болгон күндүн эртеси жезделеримдин бири “мен кечээ уктап калганда эжең ойготпой тойго кетип калыптыр” деп 12 чыны белекке берген. Арадан 2 күн өткөндө кайын агам чоң көлөмдөгү дагара көтөрүп келиптир. Мындай кызыктуу окуялар көп болду.

Тамак бышырганды билчү эмесмин. Апамдар мени көргөнү келе турган болуп, боорсок жасап калдым. Бирок кантип бышырууну билчү эмесмин. Бышырсам күйүп кетти. Ошондо жолдошум жанымда туруп жардамдашкан», - деди Э.Полотбекова.

жене1

Анын өмүрлүк жолдошу өзүнөн 11 жашка улуу. Экөөнүн түтүн булатып жашаганына быйыл 12 жылдын жүзү болду.

«Биздин бактыбыз балдарыбыз. Азыркы жаштар сактанууга же аз балалуу болууга кызыгышат. Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт. Азыр балдарым жок болсо зээригип кетем. Балдарымды көп деп ойлобойм. Жолдошум тамашалап 6 уул, 6 кыздуу болобуз деп калат. Менин төрөтүм жеңил болгондуктан төрөгөндөн кыйналбайм. Көп балалуу болуу жолдошума да, мага да жагат», - деди Э.Полотбекова.

Учурда Кыялбек менен Элмира 3 уул, 3 кызды тарбиялап жатат.

жене2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 782
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×